Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин камакта калтырылды
- 13.02.2023, 11:30,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Көз микрохирургиясы ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов соттун чечими менен камакта калтырылды. Камакка алуу чечимин Октябрь райондук соту чыгарган.
Маалым болгондой, тергөө судьясынын чечими менен Алмазбек Исманкуловго карата баш коргоо чарасы 2023-жылдын 9-апрелине чейин – кылмыш ишин тергөөнүн мөөнөтүнө чейин камакта калтырылган.
Ушул эле мөөнөткө борбор калаанын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылды.
Буга чейин Көз микрохирургиясы ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана муниципалитеттин жооптуу кызматкерлерине «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө оорукананын жетекчиси жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бир нече жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө материалдык кызыкчылык жана башка жеңилдиктерди алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барганы аныкталган. №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имаратын жеке жактарга ижарага берүүгө мүмкүн эместигине жана ооруканадагы керебеттердин жетишсиздигине карабастан, алар атайылап арзандатуу менен мыйзамсыз түрдө ижарага беришкен. Натыйжада мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилген. Тергөө иштери уланууда», — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.