Апасы менен урушуп кеткен 13 жаштагы өспүрүм асынып алган
- 27.09.2022, 14:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жайыл районунун Ново-Николаевка айылында 13 жаштагы өспүрүм апасы менен уруша кетип, асынып алган. Окуянын чоо-жайын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«26-сентябрда милицияга арыз менен айылдын 32 жаштагы тургуну 13 жаштагы уулун издөөгө жардам сурап кайрылган. Уулу бир күн мурун саат 18:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес», - деп айтылат маалыматта.
Аялдын айтканына караганда, 25-сентябрда уулу унаасын уруксатсыз айдап кеткен. Муну уккан апасы өспүрүмдү урушкан. Баласы таарынып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Маркумдун апасы милицияга арыз жазып жаткан учурда анын жакындары баласынын бакчанын четинде турникке асылып турганын көрүшкөн.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.