Сапатсыз турак-жайларды курган курулуш компаниялары кара тизмеге кирет…
- 09.09.2022, 13:43,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Талапка ылайык келбген, сапатсыз объекттерди курган курулуш компаниялары кара тизмеге кирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын жыйынында Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетыбаев билдирди.
Анын айтымында, имараттарды курууда тендер өткөрүү тартибин өзгөртүү зарыл.
«Тендерди тажрыйбасы аз, профессионал эмес курулуш компаниялары аз сумма сунуштагандыктан утуп алышат. Натыйжада объектилерин бүтүрө албаган же курган имараттары сапат стандарттарына жооп бербеген көптөгөн подрядчылар бар. Мындай фирмаларды объектилерди курууга эле эмес, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга да катыша албаша албай тургандай кылып кара тизмеге киргизели деп жатабыз», — деди Нуртазин Жетыбаев.
Мамкурулуштун жетекчиси бул сунуш жакында документ түрүндө Жогорку Кеңештин кароосуна коюларын белгиледи.