
Бүгүн, 19-июлда Өкмөт үйүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациялык кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйында сөз сүйлөгөн башкы прокурор Курманкул Зулушев Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинде текшерүү жүргүзүп, көптөгөн жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын белгиледи.
Бул туурасында: «Шаар куруу документтеринин бардык түрлөрүн иштеп чыгууда жана контролдоодо, курулуш жана өнүктүрүү пландарын кароодо жана бекитүүдө мыйзам бузуулар, ошондой эле социалдык маанидеги айрым объектилер тийиштүү деңгээлде каржыланбаганы аныкталды. Каржыланган объектилердин курулушу өз убагында бүткөрүлгөн жок», - деп билдирди.
Өз кезегинде Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетибаев «ал жетектеген кызматта чындыгында коррупция гүлдөп, баары бирдиктүү терезеден башталып, кызматкерлер документтерди ар кайсы бөлүмдөргө өткөрүп берүүнү кечеңдетип жатканын» мойнуна алды.
Мындан улам, "бизде кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар жана коррупциялык фактылар көп, тазалоону баштайбыз. Мен бул кызматка келгениме бир ай болду", — деп кошумчалады.