У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү долбоорун ишке киргизүү боюнча жарандык коом институттары, коомдук уюмдар менен меморандумдарга кол коюлду


 КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө даярдык көрүү алкагында аймактарда биргелешкен билим берүү-агартуу тууралуу КР БШК менен ар түрдүү жарандык институттар, коомдук уюмдар жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда келишимге жетишилди.
 
Жарандык билим берүү боюнча долбоордун багытынын негизги максаты – Кыргызстан элинин бай мурастарына, заманбап демократиялык принциптерге жана мекенчилдикке негизделген билимдерди, көндүмдөрдү жана жарандык жалпы баалуулуктар тутумун үйрөтүүнүн негизинде компетенциялуулукту жана жарандык жигердүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү, укук маданиятын жогорулатуу.
 
Кызматташуу жана өлкө боюнча жайылтылган жана жабдуулары бар 70 борбордун базасында ар түрдүү форматтарда биргелешкен окутуу программаларын, лекция, тегерек стол, лидерлер жана эксперттер менен жолугушуу өткөрүү ниетин 10дон ашык өнөктөш билдирди. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:
 
Жарандык билим берүү боюнча жетектөөчү мамлекеттик органдар – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
“Жаран. Мамлекет. Шайлоо” багыты боюнча – Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү
“Тарых. Бабалардын мурасы (даанышмандыгы). “Манас” эпосу укук маданиятынын булагы катары” багыты боюнча – “«Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы”; 
“Туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык билим берүү” багыты боюнча – Озон борбору;
“Жаштардын дебаты” багыты боюнча – Жаштардын IDEA дебат клубу;
“Кыз-келиндердин лидерлиги” багыты боюнча – Борбордук Азиянын жергиликтүү башкармалыгынын академиясы жана Депутат аялдардын клубу.
Долбоор мамлекеттик жана жеке секторлордун, донор жана бизнес-уюмдардын, бардык кызыкдар тараптардын жарандык жана санариптик билим берүү жаатында ресурстарын жана күч-аракеттерин баш коштуруу үчүн бириктирүүчү туруктуу аянтча болуп калууга, ошондой эле тегерек столдор, ийгилик жараткан лидерлер менен жолугушуу үчүн коммуникациялык аянтча (коворкинг), жаштардын дебат клубдарын өткөрүү, аймактардагы кыз-келиндердин лидерлигин илгерилетүү үчүн орун катары кызмат кылууга тийиш.
 
Долбоор КР Президентинин Администрациясынын жана КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Мамлекеттик жана жеке сектор тараптан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги жана КР Билим берүү жана илим министрлиги долбоордун негизги өнөктөштөрү болуп саналат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter