Назгүл Турдубекова: Мектепте ата-энелерди 8 миӊ сомго форма сатып алгыла деп мажбурлап жатышат
- 15.08.2022, 15:48,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мектеп администрациясы ата-энелерди 8 миң сомго форма сатып алгыла деп мажбурлап жатышат. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, окуучулардын ата-энелери мектеп формасын сегиз миң сомго сатып алууга аргасыз болуп жатканын билдиришүүдө.
“Мага ата-энелер мектеп администрациясы 8 миң сомго бирдиктүү форма сатып алгыла деп мажбурлап жатканын жазып жатышат. Ал эми башка мектепте форманы буюртма менен тигүүгө мажбурлап жатышыптыр. Анан эртең жеткирүүчүлөр, тигүүчүлөр мектептен буюртма алганы келишет. Пандемия балдардын билим сапатына атайын форма эмес, мугалимдердин кесипкөйлүгү таасир этерин көрсөттү. Анын үстүнө буга чейинки кочкул кызыл жана башка түстүү костюмдар сапатсыз, ыңгайсыз болчу”, – деп билдирди Турдубекова.
Ал канцелярдык товарлардын жана азык-түлүктөрдүн кымбаттыгынан ата-энелердин атайын форма сатып алууга акчасы жок болуп жатканын белгилеп, Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачевага жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына ата-энелерди бирдиктүү форма сатып алууга мажбурлообосун өтүнүп кайрылды.
Буга чейин Кыргызстандын мектептеринде келе жаткан окуу жылында бирдиктүү форма классикалык: үстү ак, асты кара түстө болору айтылган.