Ошто 58 жаштагы жаран досунун колунан каза тапты
- 15.08.2022, 15:02,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ошто 58 жаштагы жаран бычактан алган жараатынан удам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 12-августта түнкү саат 00:00дөр чамасында бычактан жараат алган 58 жаштагы жаран Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу көп кан жоготуп, ооруканада каза болгон.
Шектүү катары Ош шаарынын 61 жаштагы тургуну кармалды. Ал маркумдун досу экени аныкталды.
Кармалган жарандын айтымында, 12-августта ал досу менен жолугуп, чогуу бильярд клубуна барышкан. Ал жерде бильярд ойноп, спирт ичимдиктерин ичишкен. Үйгө баргандан кийин да спирт ичимдиктерин ичүүнү улантып, ортодо жаӊжал чыккан. Андан соң кылмышка шектүү унаадан бычакты алып маркумга бычак сайган.
«Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.