У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Алтын казына" кафесинин официанты 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

 
"Алтын казына" кафесинин улук официанты 17 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 7-августта У.Ж. 2022-жылдын 6-августунан 7-августуна караган түнү Лебединовка айылында 17 жаштагы кызын зордуктаган белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арыз менен милицияга кайрылган.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш иши козголду. Бардык адамдардын өздүгү такталып, алар суракка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
 
Кылмышка шектелип 2002-жылы туулган У.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter