Асел Кадырбекова: Мындан ары жашыруунун кажети жок, биз биргебиз…
- 02.08.2022, 22:34,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Буга чейин эки жолго түшкөн эстрада ырчысы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жарашты. Бул тууралуу Асел Кадырбекова инстаграм баракчасына жазды.
«Мындан ары жашыруунун кажети жок деп ойлойм. Биз кайрадан биргебиз. Бул биздин чечим. Демек сүйүү жеӊди. Алдыда эмне боло турганы бир гана Жаратканга белгилүү. Биз болсо жашообузга эч кимди аралаштырбай мамилебизди бекемдөөгө аракет кылабыз. Бекем үй-бүлө курууга акылыбыз да күчүбүз да жетет деп ишенем. Көп кыйынчылыктардан өттүк, бирок үй-бүлөбүздү сактап калдык. Ар бир үй-бүлө бекем болсун»,-деп жазган ал.