У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токмок шаарында 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды


Токмок шаарында 7-класстын окуучусу 9 кабаттуу үйдөн боюн таштап, каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-июлунда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жашы жете элек кыздын кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, 2008-жылы туулган кыздын сөөгүн табышкан. Ал бийиктиктен кулап, андан алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгондугу аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө-ыкчам ишчаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter