"Мурас" турниринде президенттин администрациясынын командасы чемпион болду
- 05.05.2022, 18:01,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда эки күндөн бери өтүп жаткан “Мурас” футболдук мелдеши жыйынтыкталды. 5-майдагы финалдык беттеште президенттин администрациясынын командасы Жогорку Кеңештин депутаттарын 7:3 менен утуп, жеӊишке жетти.
Жогорку Кеӊештин депутаттары экинчи орунду багындырып, күмүш тагынышса, үчүнчү орунду “Алга” ардагерлер командасы алып, коло байгенин ээси болушту.
Чемпион болгон президенттин администрациясын командасы баш байгеге берилген бир миллион сомду балдар жана карылар үйлөрүнө которо тургандарын айтышты.