У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


400 кыз билим алат. Алымкадыр Бейшеналиев короосундагы кыздар үчүн ачылган мектебин көрсөттү


 Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үйүнүн короосунда кыздар үчүн мектеп бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу министр НТС каналынын журналисттерине берген маегинде билдирди. НТС каналынын журналисттери министрдин үйүнө жарамазан айтып барганда, министр аларга короосундагы кыздар үчүн ачылган «Арча- Бешик» аттуу мектебин көрсөткөн. 
 
Алымкадыр Бейшеналиевдин айтканына караганда, мектепте 400 кыз 1-класстан тартып 11-класска чейин билим алат. Ал жерде кадимки сабактардан сырткары дин боюнча сабак берилет. Кыздар калоосуна жараша намаз окушат. Мектепте билим алууга бардык шарттар түзүлгөн жана билимдин сапаты жогору. 
 
«Ыйман сабагын окуганды каалаган кыздардын баарын эле мектепке кабыл алабыз. Бул жерде билим сапаты жогору. Кыздарды намаз оку деп эч ким мажбырлабайт, өздөрү эле окуша берет. Быйыл биринчи жолу 9-класстын бүтүрүүчүлөрү чыгат. Азыр ошого даярданып жатабыз», -дейт министр. 
 
Аталган мектепте билим алуунун акысы үч маал тамагы менен 2000 сомду түзөт. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter