Ооруканалардан телефон уурдап жүргөн жаран кармалды
- 28.04.2022, 13:32,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Ош шаарында уурулукка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыл башынан бери кармалган жарандын үстүнөн 15 арыз түшкөн. Арыз менен кайрылгандар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын бейтаптары жана кызматкерлери болгон.
Тергөө көрсөткөндөй, шектүү бейтаптар уктап жаткан маалда саат 6.00дө палаталарга кирип, телефондорун алып кеткен. Коридордо турган медициналык кызматкерлердин телефондорун уурдап кеткен.
Кармалган жаран төрт жолу уурулук боюнча соттолгон.
Шектүү учурда камакта. Учурда тергөө иштери уланууда.