У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытайда каржы пирамидасын түзүп, 200 млн. юань менен качып кеткен жаран Бишкектен кармалды


Өз мекенинде издөөдө жүргөн Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери 1971-жылы туулган Чж.Ч. атуу Кытай жаранын кармаган. Ал 2014-жылдан бери өлкөдө мыйзамсыз жүргөн.
 
Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, ал Пекинде менеджер болгон. 2013-жылдын март айында ал каржы пирамидасын түзүп, 200 миллион юань депозитин чыгарып, качып кеткен. Ал Интерпол аркылуу издөөгө алынган.
 
Ошол кездеги курс менен эсептегенде 200 млн. юань 550 миң доллардын тегерегиндеги каражат болгон. 
 
19-апрелде Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун кызматкерлери Бишкектен шектүүнү кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
Учурда аны экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter