У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каржы пирамидасына алданган аял өзүн- өзү өрттөп жиберди-видео


Казакстандын Нур-Султан шаарында «Mudarabah Capital» каржы пирамидасына акча салып, алданып калган Багила Досмаилова борбор калаадагы Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгып, өзүн- өзү өрттөп жиберген. Бул тууралуу Оrda.kz жазып чыкты.
 
Оrda.kz билдиргендей, ал аталган каржы пирамидасына козголгон иш "жакында жабылганын" айтып, анын өлүмүнө Алматы полициясынын башчысынын орун басары Рустам Абдрахманов күнөөлүү болорун айткан. 
 
Маалыматка ылайык, окуя 11-апрель күнү болгон. Досмаилова пирамидага 20 миллион теңге салып, кайра акчасын ала албай калган. Ал бул ишке шектүү делген вайнерлер Мейиржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду жоопко тартууну талап кылган. Буга чейин Туребаев менен Шерниязов кармалып, соттун чечими менен 3 миллион теңге күрөө менен бошотулган.
 
Ошондой эле жабырлануучу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: «Эгер мен өлсөм, менин өлүмүмө Рустам Абдрахмановду күнөөлөөнү суранам, ал ишти жабууга шашып жатат», — деп жазган Досмаилова. 
 
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп, аталган каржы пирамидасынын  уюштуруучулары иликтенип жатканы айтылды. 
[video=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter