У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


12 жылдык билим берүүгө өтүү мугалимдердин айлыгына таасир этпейт


12 жылдык билим берүүгө өтүү мугалимдердин айлыгына таасир этпейт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.
 
Ал белгилегендей, мугалимдердин айлык акысы жогорулады.
 
 «Мугалимдердин айлыктары көтөрүлдү. Эми мектепке чейинки мекемелерден баштап жогорку окуу жайларына чейин биздин мугалимдер 80 пайызга көбүрөөк алышат. Жаңы окутуу моделине өтүп жатканыбыз эмгек акыга эч кандай таасир этпейт. Бул эки параллелдүү процесс”, - дейт Надира Жусупбекова.
 
Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эми балдар 1-класска жети жаштан эмес, алты жаштан барарын, даярдоо классы жоюларын айткан. Бул дүйнөлүк стандартка ылайык келет.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter