У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Бейшеналиев: Мектептерге 12 жылдык билимди киргизели деп турабыз


Жакында бир айдын ичинде билим берүүнүн бирдиктүү стандарттын жарыялайбыз. Ага ылайык мектептерде 12 жылдык билим стандартын киргизүүнү пландообобуз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди. 
 
«12 жылдык билим дегенде, дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Болгону даярдоо классын да кошуп эсептеп, күбөлүк бергенде 11 жылдык билим деп эмес, 12 жылдык билим деген күбөлүк берүүнү карап жатабыз», —деди министр. 
 
Анын айтканына караганда, дүйнөлүк практикада 11 жылдык билим жок. Биздин балдар чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырганда 12 жылдык билимди толуктоо үчүн алар бир жыл кошумча окууга арасыз болуп жатышат. 
 
«Биздин мектептерди бүткөн бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын окуу жайлары менен элек чектелбейт. Европа өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларына барып билим алгандар да болот. Бизде 11 жылдык болгондуктан чет өлкөнүн жогорку окуу жайларына окууга тапшырган студенттер бир жыл кошумча билим алышып, 12 жылдык билимге толуктап, андан кийин жогорку окуу жайларында өз кесиптери боюнча билимин улантууга мажбур болушат. Мындай тоскоолдуктар болбошу үчүн, биз да дүйнөлүк стандартка ылайык мектептерге 12 жылдык билимди киргизели деп турабыз»,—деди Бейшеналиев. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter