Ата-эне баласын 6 жаштан баштап мектепке берүүдөн баш тарта алабы? Министрликтин жообу…
- 08.04.2022, 15:34,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ата-эне баласын 6 жаштан баштап мектепке берүүдөн баш тарта алабы? Бул суроого Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында жооп бердим.
«Ата-эне 6 жашында баласын мектепке берүүдөн баш тартып, өз алдынча билим берем десе, арыз жазат. Айрым ата-энелер балдарына жеткиликтүү билим бере алат, бирок кээ бир ата-эне балага жетиштүү билимди бере албай, мектепке алууну суранат. Мындай учурда мугалимдин ролун ата-эне ойнойт. Бирок процедуралар бар: ата-энеси министрликке расмий кайрылат, министрлик расмий түрдө жооп берет. Бала кайсыл бир мектепке дайындалып, ал чейрек сайын бир жолу мектепке келип, мугалимдер баланын билим деңгээлин текшерип турушат», - деди ал.
Анын айтымында, бала жакшы окуп, өнүгүп кетсе, анда ата-энесине эч кандай доомат болбойт.