У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип камакка алынды


Аталган факты боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгонун билдирди. Актёр Чыңгыз Мамаевге Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) боюнча кылмыш иши козголгон.
 
Маалыматка ылайык, актёрдун үстүнөн чет элдик жаран зордуктоо боюнча арыз жазган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Мамаев тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Ал эки айга камакка алынган. 
 
Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter