У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүй облусунда адам уурдоого шектүүлөр кармалды


Адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө ур-токмоктон улам жаракаттарды алган 37 жаштагы адам Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аны суракка алууга мүмкүн болгон эмес. Жабырлануучу өзү кийинчерээк милицияга арыз менен кайрылган.
 
Аймактык жактан алганда, иштин материалдары Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
 
Маалым болгондой, 2022-жылдын 21-мартында белгисиз адамдар Москва районунан келген жаранды күчкө салып автоунаа менен Сокулук районуна алып кетишкен. Ал жерде аны сабашкан. Көп убактка чейин жабырлануучунун жакындары байланыша албай, кийин өзү байланышка чыккан. Ошол эле күнү ал ооруканага жаткырылган. Уурулар ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкени белгилүү болду.
 
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Алар 30 жаштагы Т.Ф. жана 25 жаштагы А.Д. болуп чыкты. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter