У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө ур-токмоктон каза болгон жаранды коронавирустан каза болду деп жерге берген

 
   Ысык-Көлдө 61 жаштагы жаран ур-токмоктон каза болду. Анын ур-токмоктон каза болгонун жашырып, коронавирустан каза болду деп жерге берген. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Райондук прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп, Темировка айылынын 61 жаштагы тургуну ур-токмоктон каза болгонун, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирбей көмүлгөнүн аныктаган.
 
Маркумдун 51 жаштагы карындашынын айтканына караганда, 2021-жылдын 21-январына караган түнү анын уулу 30 жаштагы Д.М. жана агасы 61 жаштагы Ж.А. урушуп кеткен. Уруш мушташка айланган. 
 
«Эртең менен ал үйүнөн агасынын сөөгүн тапкан. Райондун укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарына билдирбестен үй-бүлөсү маркумду жерге беришкен. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын коронавирустан каза болгондугу айтылды», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
 
Аталган факты боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келүү» боюнча кылмыш иши козголгон.
 
2-февралда сөөк эксгумацияланып, комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалганы такталган.
 
Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары  30 жаштагы Д,М Бишкек шаарынынан кармалган.
 
Кылмыш ишин Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергеп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter