У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК түштүктөгү Хизб- ут-Тахрир уюмунун лидерлерин кармады


 УКМК кызматкерлери Хизб-ут-Тахрир диний-экстремисттик уюмунун 6 лидерин кармашты.
 
Комитеттин маалыматы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюм түзүү) боюнча КЖБРине катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында төмөнкүлөр кармалды:
 
-К. А. К, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 26.06.1974-жылы туулган, Хизб-ут-Тахир уюмунун Кызыл-Кыя шаарынын "минтака-масулу" (лидери);
 
- К.С.С., Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 1975-жылдын 28-октябрында туулган, аталган уюмдун "накиб-жихоза" (уюмдун лидери);
 
- Н.Ж.М., Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 04.04.1976-жылы туулган, кызматы уюмдун -"накиб-жихоза" (уюмдун башчысы);
 
- А.у.А., Тажикстандын жараны, 1991 -жылы 18 -апрелде туулган, кызматы - "мушрив -халки" (топтун лидери);
 
- Э.Н.Т., Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 1995-жылы 11-декабрда туулган, кызматы- "мушрив-халки" (топтун лидери).
 
- М.З.Я., Кызыл -Кыя шаарынын тургуну, 1993 -жылы 16 -январда туулган, кызматы - "казыначы" (уюмдун финансылык маселелерине жооптуу).
 
Бул адамдар экстремисттик идеологияны пропагандалоо үчүн диний сабактарды өткөрүшкөн жана Кызыл-Кыя шаарынын 50дөн ашык тургундарынан турган уюмдун мүчөлөрүнүн ай сайын жыйындарын уюштурулганы аныкталган.
 
Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн натыйжасында экстремисттик маанайдагы китептер табылган (36 китеп, 20 китепче, 25 баракча, 13 дептер, 15 уюлдук телефон, 15 электрондук маалымат каражаты, 1 ноутбук).
 
Кармалган адамдар Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыштуу байланыштарын аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter