У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Исхак Масалиев Эрнст Акрамовго батир берүү маселесин көтөрдү


 Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун жашоо шарты боюнча маселени көтөрдү.
 
Эл өкүлү спикерден дарыгерди батир менен камсыздоо маселесин кароону өтүндү.
 
«Эки күндөн бери коомчулукта дүрбөлөң болуп жатат. Биздин белгилүү хирургубуз Эрнест Акрамов жумушсуз калды, азыр анын жашай турган жери жок экен. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Кыргыз эл Баатыры. Ммкүнчүлүк болсо жашоого шарт түзүп берсек», -деди Исхак Масалиев.   
 
Депутат Жогорку Кеңеште резервдик турак-жай фонду бар экенин түшүндүрүп, спикерден Эрнст Акрамовго жеке турак-жай алууга көмөктөшүүгө чакырды.
 
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министри Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы калыбына келтирүү хирургия илимий борборун жапканын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter