У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовду «лопух» деди—видео


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдун ысымын Чүй облустук оорукана ыйгарууга татыксыз деп эсептейт. Бул тууралуу ал Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн ачылышында билдирди.
 
«Ал лопух. Мен аны менен иштегем», - дейт Алымкадыр Бейшеналиев.
 
Эске сала кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Көздүн микрохирургиясы клиникасынын директору Алмазбек Исманкуловду «лопух» деп атаган.
 
Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу жана ага батир берүү өтүнүчү менен жарандар президентке кайрылып, кол топтоону башташты. 
 
Бир күн мурун Саламаттыкты сактоо министри Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы илимий борборун жапканын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter