У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда ашканада кыргыздар менен тажиктер мушташты- видео


 Россияда Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдо Кыргызстан менен Тажикстандан келген мигранттардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Mash Telegram каналы билдирди.
 
Басылманын маалыматына караганда, мушташ курулушка 9 миң эмгек мигрантын жалдаган «ВелесСтройМонтаж» ишканасынын ашканасында башталган.
 
«Тажикстандык жумушчулар заводдо Кыргызстандан келген жумушчуларды көбүрөөк жашы көрүп, аларга тамакты көбүрөөк салып берет деп айткан. Ошол учурда жумушчуларды тейлеп жаткан официант тажикстандык жаранга салфетканы ыргытып бергендей сезилип, тажикстандык жаран да ага бир нерсени ыргыткан. Ушундан улам мушташ чыгып кеткен»,—деп айтылат маалыматта. 
 
 Мушташ эртеси заводдун короосунда уланган. 
 
«Жетекчилик иликтөө иштерин баштаган. Буга чейин ишкананын жетекчилиги мушташка катышкан бардык жумушчуларды жумуштан кетирмекчи. Андан кийин алар депортацияланышы мүмкүн», —деп билдирет басылма. 

[video=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter