У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бейшеналиев: 3 бөлмөлүү батирге университет ачып алгандар бар

 
Айрымдары жөн эле 3 бөлмөлүү батирге университет ачып алган. Ал жерде бир 500-600 студенттин ар бири 3000 доллардан төлөп жатканын 11-мартта радиодонун эфиринде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
 
Анын айтымында, ал жакта чет элдик студенттер – индиялыктар менен пакистандыктар окубай эле базарларда соода кылышат. 
 
«Алар жөн эле сессияга келип акча беришет. Мунун баары ачыкка чыкты. Азыр 12 медициналык мекеме жабылып жатат», - деди министр.
 
Министрдин айтымында, ЖОЖдорго лицензияны Билим берүү министрлиги, клиникалык базанын жарактуулугу тууралуу сертификатты Саламаттыкты сактоо министрлиги берет.
 
«Мен механизм иштеп чыктым. Клиникалык базасы дал келбеген ЖОЖдордун сертификатын чакыртып алабыз, ал эми Билим берүү министрлигинин лицензиясы автоматтык түрдө жокко чыгарылат», - деди Бейшеналиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter