У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башка чаап, дааратканага камаган. Бала бакчанын жетекчиси 5 жашар баланы сабаган


Ала-Тоо жаңы конушунда бала бакчанын жетекчиси беш жашар баланы сабаганы айтылды. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Инстаграмдагы баракчасына жазды.
 
Анын айтымында, баланын апасы уюмга жардам сурап кайрылган.
 
«Баланын апасынын айтымында, уулун жеке бала бакчанын жетекчиси сабаган. Ал тарбиячы да болуп эмгектенет. Баланы башка чаап, кулагынан чоюп, дааратканага камап, жарыкты өчүрүп салган. Азыр бала нерв оорусуна чалдыгып, дайыма ыйлап жатат. Ала-Тоо конушунда жайгашкан бала бакчанын аталышы да жок. Бишкек мэриясы бардык стихиялуу бала бакчаларды өз көзөмөлүнө алышы керек», — деп жазган Назгүл Турдубекова.
 
Ал белгилегендей, сабалган баланын ата-энеси буга чейин милицияга кайрылган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter