У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдувахаб Мониев бийликке умтулбаган жөнөкөй, ошол эле кезде деӊиздей терең эле…


 Белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев акка моюн сунду. Анын оорудан удам каза болгонун жакындары билдиришти. Журналисттин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылы Чөгөмдө 25-февралда коюлат.
 
Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин 1998-жылы аяктаган.
 
Эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы болгон. "Учкун", "Ош жаңырыгы" жана "Эркин-Тоо" гезиттеринин башкы редактору болуп эмгектенген. 
 
Абдувахаб Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Ал бир катар китептердин автору жана "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.
 
Абдувахаб Мониев мыкты журналист гана эмес, жандүйнөсү таза, байлык, бийликке умтулбаган жөнөкөй, ошол эле кезде абдан терең, кенен киши болчу…
 
Жанар Акаев, ЖКнын депутаты:
- Абдувахаб Мониевдин эртелеп бу дүйнөдөн кеткени жаман иш болду. “Асаба”, “Агымдагы” салмактуу аналитикалык макалаларды жазган саналуу журналисттердин бири эле. Байлык, бийликке умтулбаган жупуну, таза, бае, ошол эле кезде абдан терең, кенен киши болчу. Жаткан жери жайлуу болсун.
 
 Мамат Сабыров:
- Эсил-кайран Абдывахап...1999-жылы мен "Асабада" башкы редактор болуп турганда "ака, сиздердин гезитке иштейин дедим эле" деп келгени, мен генерал Мониевдин небереси экенсин, чоң атаң тууралуу жакшы  макала жазып келчи десем, эртеси күнү эле керемет бир чыгарманы алдыма таштап койгону, кийин экөөбүз менин эски "Жигулиме" отуруп алып, Араванды түрө кыдырганыбыз дале көз алдымда турат.Бир жолу Абдывахап Чөгөмгө кетип калганда ыраматылык Мелис досум аябай кейигени эсимде."Эми аныкындай макалаларды эч ким бизге жазып бере албайт"- деген каңырыгы түтөп.
Чын эле...Эми Абдывахаб жазгандай макалаларды эч ким жазып бере албайт.Таланттуулар көп, бирок, Абдывахап табылбайт...
Кош, асыл үкам!  Алла Таалам жайыңды Жаннаттан кылсын!
 
Алмаз Темирбек уулу:
- Абдувахаб Мониев байке бул жарыктан өтүптүр. Кыргыз журналистикасында оор жоготуу болду. Мекенчил мыкты адам эле. Учурунда чогуу иштешип калдык, өтө жөнөкөй, чындыкты сүйгөн калыс жан болчу. Жакшы адамдар аз жашайт тура. Жакында эле жүз көрүшүп жолукканда, "Рыскелди Чыныбекович Момбеков жардам берем деди, китеп чыгарайын деп жатам", - деп сүйүнүп жүрдүңүз эле. Жаш кеттиңиз. Ичим сыйрылып турат. Кыргыз журналистикасындагы адам деген бийик сапатка татыктуу мыктылардын бири элеңиз. 
Кошуңуз, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Жараткан бейиштик кылсын. 
Үй-бүлөсүнүн, жакындарынын азасын тең бөлүшүп, кайрат айтам.
 
Fabula. kg сайтынын эмгек жааматы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза- кайгысын теӊ бөлүшөт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter