У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Телефондо номериңиз бар, бирок өзүңүз жок, атасыз бир жыл..." Акындын уулу атасын эскерди



Мындан туура бир жыл мурун, 29-апрелде белгилүү акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов дүйнөдөн өткөн. Акындын артында ырлары жана 2 уул, 2 кызы калган.

Бүгүн акындын уулу Назым Самаган атасын эскерип өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды.

"Атам бар кезде эч нерседен коркчу эмес элем, азыр баардык нерседен корккон, атасыз бир жыл. Карлыгач менен сырдашчу атасы жок , атасыз бир жыл. Айназикти аячу атасы жок, атасыз бир жыл. Мелис менен сүйлөшчү атасы жок, атасыз бир жыл. Телефондо номериңиз бар, бирок өзүңүз жок, атасыз бир жыл. Күндө кечинде телефондон “Балам курсак токпу?”- деп сурап турар киши жок, атасыз бир жыл. Жашым жыйырмадан ашса да, жумушумдан дардалаңдап тосуп алчу киши жок, атасыз бир жыл. Ар бир жеңишиме сүйүнүп, сыймыктанчу киши жок, атасыз бир жыл. “Алыс жерде жүрөсүң” - деп алыстан колдогонго киши жок, атасыз бир жыл. Жеңилсем да кубат, эрк, тирек болчу киши жок, атасыз бир жыл. Адашсам да туура жолду көрсөтчу адам жок, атасыз бир жыл. Жамандардан аяп, коргогонго киши жок, атасыз бир жыл. Баягы тоодон да бийик көрүнгөн атабыз жок, Атасыз Бир жыл!
Төртөөбүздө атамдын төрт сапаты калгандай элестетем. Кудайдын буйругу болгондон кийин баарыбыз баш ийет экенбиз. Атамдын чын дүйнөгө көчкөнүнө толук бир жылдын жүзү болду. Зайырбек Ажыматовдун уулу болгондугума сыймыктанам!!!", - деп жазган уулу.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
"Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter