У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда бир адам бычактан алган жаратынан улам каза болду


Кара-Суу районунда бир адам бычакталып каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, 13-февралда Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгына аймактык ооруканадан Кара-Суу районунун 50 жаштагы тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.
 
Маркум Кара-Суу районундагы дүкөндөрдүн биринде 33 жаштагы жергиликтүү тургун менен спирт ичимдигин ичишкени аныкталган. Алардын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө шектүү бычак алып чыгып, денесине жаракат келтирген.
 
«Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери уланууда», - деп кошумчалады басма сөз кызматы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter