У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жабылышы мүмкүн болгон жеке менчик медициналык окуу жайлардын тизмеси

 
Саламаттыкты сактоо министрлиги 24.kg маалымат агенттигине Кыргызстанда жабылышы мүмкүн болгон 17 жеке менчик медициналык окуу жайлардын тизмесин берди.
 
Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, медициналык билим бере турган үч университет бар – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, Ош мамлекеттик университети. 
 
«Билим берүү министрлиги дарыгерлерди даярдоо боюнча алты мамлекеттик университетти атады, анын ичинде Улуттук университет, Айыл чарба академиясы жана Жалал-Абад университети. Биз аларга да тыюу салдык, үчөө гана калды. Калган 17 жеке менчик клиникалык база таппай, тиешелүү шарттарды түзбөсө жабылышы мүмкүн», - деди ал.
 
Белгилей кетсек, Пакистан Кыргызстандын университеттерин кара тизмеге киргизгенден кийин окуу жайларда медициналык студенттерди даярдоонун сапаты боюнча маселе курчуп кеткен.
 
Жабылышы мүмкүн болгон медициналык окуу жайлар:
  1. АДАМ университети;
  2. Эл аралык "Ала-Тоо" университети;
  3. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
  4. Эл аралык жогорку медициналык мектеп;
  5.  Кыргызстан Эл аралык Университети;
  6. Салымбеков атындагы университет;
  7. «Авиценна» Эл аралык медициналык институтунун жогорку кесиптик билим берүү мекемеси;
  8.  Эл аралык медициналык университети;
  9. Эл аралык медициналык университет;
  10. Роэл Метрополитен университети;
  11.  "АВС" Академиясы;
  12. Эл аралык медицина жана илим университети;
  13. Эл аралык илим жана бизнес университети;
  14. «Бишкек эл аралык медициналык институту» мекемеси;
  15. Илим-изилдөө медициналык-социалдык институту;
  16. Кыргызстан медициналык-стоматологиялык институту:
  17. Ош Эл аралык медициналык университети. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter