У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайрымдуулуктун айынан кайым айтышкан жылдыздар


Алып баруучу, актриса, блогер Назира Айтбекова учурдагы кайрымдуулук кылып бирок видеого тартып элге чыгарып жаткан инсандарга кайрылуу калтырган.

"Кайрымдуулук хайпка айланып кетти. Негизи бирөөгө көмөктү жөн эле ар бир адам жүрөгүнөн чыкканы үчүн, жардам бергиси келген үчүн, өзү үчүн кылат жана ал отчет өзү үчүн керек. Оң колуң бергенди сол колуң билбеш кк делинет го? Жашаган жерин, балдары менен тизип алып, өзүн тартып, "Ушунун колунда жок экен анан мен кыйраттым" деген видеолор бирөөнү басмырлап, өзүн бийик даражага чыгаргысы келип аткандай сезим келет. Баскан турганына чейин фото, видео кылып, анан камерага роль ойноп кажети канча? Элге аябай көрүнгүң келип атса, ыр айтып, же ырдап чыкчы, байболгур!" дейт Айтбекова.

Көп өтпөй ырчы Анжелика өзүнүн баракчасы аркылуу "Кайрымдуулукту көрсөтпөй кыла албайбыз! Элдин жашоосуна аралашкан инсандар туура түшүнөт. Таш боорлор "хайп" деп бизди жаман көрүп, өзүн же башкаларды жыргатпай жата берет. Акылсынып. Ушундай күндөрдө эсиңерге келип, унчукпай эле байкоочу боло бергиле да эми" деген пикирин жазып чыкты. Мындан улам интнернет колдонуучулары бул пикир Айтбековага болгон жооп деп божомолдошууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter