У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 14 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт адам кармалды


 Кара-Суу районунда кыз ала качкан төрт адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалым болгондой, 26-январда Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндөгү «Кылым-Ордо» чайканасынын жанынан 14 жаштагы кызды турмуш куруу максатында ала качып кетишкен.
 
Кара-Суу РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышты 25 жаштагы жаран жасагандыгын аныкташкан. Ал үч досу менен кызды аталган райондун Талдык айылындагы үйүнө Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен алып кеткен.
  
Факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жабырлануучунун денесиндеги жараттарды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
 
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү үч адам кармалып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter