Болгарияда депутаттар жана министрлер айлыктарынан баш тартышты
- 08.04.2020, 17:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Болгариянын депутаттары көпчүлүк добуш менен өлкөдө өзгөчө абал бүткөнгө чейин эмгек акыларын Саламаттыкты сактоо министрилигине которуу чечимин кабыл алышты.
Бул сунуш депутаттардын айлыктарынан сырткары министрлердин жана алардын саясий кабинеттеринин, мамлекеттик жана аткаруу агенттиктеринин төрагаларынын айлыктан сырткары мамлекет тарабынан бериле турган сыйлыктарына да тиешелүү. Башкача айтканда, мамлекеттин жогорку кызматында иштегендер мамлекет тарабынан ала турган акчалай сыйлыктарын да коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрилигине которот.