У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сокулукта 41 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду


 Сокулук районунда мас абалындагы жаран аялын сабап салган. Аял эсине келбей ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Окуя кечээ, 13-декабрда болгон. Аймактык ооруканадан милицияга аял кишинин ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.
 
Милиция кызматкерлери жабырлануучунун өздүгүн аныкташкан. Ал 41 жаштагы К.Э болуп чыкты.
 
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча катталды. Кылмышка шектелип, маркумдун жолдошу 48 жаштагы Б.К. кармалды. 
 
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш жубайлардын мас абалында чырдашып, анын кесепетинен күйөөсү аялын сабап салган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
 
Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter