У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эки кызды жалгыз тарбиялап жаткан ата жардамга муктаж. Улуу кызы церебралдык шал оорусу менен ооруйт


 Кара-Балта шаарында эки кызын жалгыз тарбиялап жаткан ата жардамга муктаж. Бул тууралуу Чынара Бакирова социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирди.
 
Анын айтымында, 11 жаштагы кызга борбордук нерв системасынын оорусу (Церебралдык шал оорусу) диагнозу коюлган. Балдарды карай турган адамдын жоктугунан улам Данияр Сыдыков жумушка чыга албайт. Улуу кызы дайыма көзөмөлдү талап кылгандыктан атасы иштеп, аларды камсыздай албай келет. 
 
«Төшөктө жаткан баланы мүнөт сайын карап туруу керек. Кызымды жуунтуп, кашык менен тамактандыруу зарыл. Өзү иче албайт. Ошондуктан мен жумушка чыга албай жатам. Иштебегенден кийин жардамга муктаж болот экенсиӊ. Азыр бизде негизги нерселер: буюмдар, кызыма кам көрүү үчүн зарыл болгон каражаттар жетишсиз. Ошондой эле коммуналдык кызматтарга – электр энергияга жана жылуулукка төлөөдө көйгөй бар», - деп айтылат билдирүүдө.
 
ЭлСом 0706886669 (Данияр Сыдыковдун атында) же Visa банк картасына: 4177490148463542 акча которуу аркылуу жардам бере аласыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter