У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Суудагы жол кырсыгынан жети адам каза болуп, 9 киши ооруканага жаткырылды

   
Кара-Суу районундагы кырсыктан жети адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 661-чакырымында болуп, КамАЗ, Мерседес-Бенц Спринтер жана Дэу Нексия үлгүсүндөгү үч унаа жабыркаган.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жети адам, үчөө эркек, төртөө аял каза болгон. Дагы алтоо Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, үч бала балдар ооруканасына жаткырылды.
 
Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Нурдин Шаматов жана Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын үч куткаруучусу иштеп жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter