У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


10 адам жаракат алды, бешөө каза болду. Бишкек-Торугат жолундагы үрөй учурган жол кырсыгы-фото


 Бүгүн, 17-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунунун 172-чакырымында жүргүнчү ташуучу "Мерседес-Бенц-Спринтер" менен жүк ташуучу машине кагылышып, беш киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
 
«Бизге Mercedes-Benz Sprinter менен MAN жүк ташуучу унаасынын кагылышканы тууралуу маалымат келип түштү. Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 172-чакырымында болгон. Автобуста 15ке жакын адам болгон, алардын ичинен бешөө каза болгон (эки эркек жана үч аял). Он адам ар кандай жаракаттарды алышты", - деп айтылат билдирүүдө.
 
Каза болгондор менен жарадарлардын аты -жөнү такталууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter