У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзүнүн унаасына тагып алган. Дөӊгөлөк уурдоого шектүү жаран кармалды


Уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Кылмыш 30-октябрга караган түнү Таш-Көмүр көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Ууру «Honda Fit» унаасынын төрт дөңгөлөгүн чечип кеткен.
 
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин («Уурдоо») негизинде РИИБге катталды.
 
Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал 1995-жылы туулган А.Ж. экени белгилүү болду.
 
Кылмышка шектүү уурдалган дөңгөлөктөрдү унаасына тагып алганы белгилүү болду. Дөңгөлөктөр арыз ээсине өткөрүлүп берилди.
 
Кошумчалай кетсек, бул кармалган адамдын биринчи кылмышы эмес. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал ушул сыяктуу 4 кылмышка шектелүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter