У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялы менен урушуп кеткен аскер кызматкери асынып алган


 Токмокто Коргоо министрлигинин аскер кызматкери асынып алды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Бактыбек Бекболотов маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, аскер кызматкери өз үйүндө жубайы менен жаңжалдашып, батареяга асынып алган.
 
«Тилекке каршы, мындай учурлар болуп жатат. Ошол эле учурда аскерге кызмат өтөп жаткандар коомчулуктан келерин белгилегим келет. Уулун туура жолго сала албаган ата-энелер армияга барып тарбиялансын деп аскерге жөнөтүп жаткан учурлар бар.Суициддердин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча аскерлерде психологдор жана тарбия кызматкерлери иштеп жатат», - деди Бактыбек Бекболотов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter