У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйнөдөгү алты шаар толугу менен суу астында калышы мүмкүн


 Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу он жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча кеминде алты шаар жарым-жартылай же толугу менен суу астында калышы мүмкүн. Бул тууралуу «The India Times» жазып чыкты. 
 
Басылма Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын маалыматынын негизинде Climate Central коммерциялык эмес уюмунун баалоосунун болжолуна шилтеме кылат.
 
Адистердин айтымында, Амстердам деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам суу астында кала турган шаарлардын сап башында турат.
 
Тизменин кийинки сабын Ирактын Шатт аль-Араб дарыясынын боюнда жайгашкан Басра шаары ээледи. «The India Times» жазгандай, шаарды саздак жерлер курчап турат. Жаңы Орлеан (Луизиана, АКШ) да дамба системасына карабастан, суу астында калуу коркунучу бар.
 
Төртүнчү орунда Венеция турат. Италиянын бул шаарында жердин деңгээли жыл сайын 2 миллиметрге төмөндөй турганы белгиленет. Андан кийин Вьетнамдын түштүгүндө жайгашкан Хошимин шаары келет. Божомолдор боюнча, Меконг дарыясынын жакын жайгашкандыгына байланыштуу шаардын чыгыш бөлүгүн суу каптап кетиши мүмкүн. Индиянын Калькутта шаары тизменин 5-орунда турат.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter