Акыркы каалоо аткарылган жок. Алина Батурова кызы менен көрүшпөй көз жумду
- 28.10.2021, 14:51,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
24 жаштагы кыргызстандык Алина Батурованын акыркы каалоосу аткарлыган жок. Ал кызы менен көрүшпөстөн бүгүн эртең менен көз жумду. Бул тууралуу маалымат каражаттары маркумдун жакындарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
Алина Батурова 4-стадиядагы эмчек безинин рагы менен жабыркап келген. Анын оорусу өтүшүп, метастаздар маркумдун мээсине, бооруна жана өпкөсүнө жайылып кеткен. Ал ичер суусу түгөнгөнүн билип, өлүм алдында акыркы каалоосу 5 жашар кызы Инжу Батурованы көрүп, кучагына кысуу экенин айтып, кызын көрүү үчүн маалымат каражаттарына кайрылып жардам сураган.
Маркумдун айтканына караганда, кызы Жамбыл облусунун Кордай районунда атасы менен жашайт. Бирок Алина Батурованын мурдагы күйөөсү кызы менен байланышуусуна тоскоолдук кылып, байланышка чыкпай, кызды апасына алып келүүдөн баш тарткан.
“Fabula.kg” сайты маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.