У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлзат Мамытбек кылмышка шектелип кармалды


Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулова кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Милиция билдиргендей, буга чейин укук коргоо органдарына 7 жаран кайрылып, алар Мамытбекти алдамчылыкка айыпташкан. Алардын айтымында, ал «кыска убакытта супер пайда» деп убада берип, бирок ишенчээк жарандардан акча алып, убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен. Келтирилген зыяндын суммасы 110 миң доллардан ашкан.
 
Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен КЖБРине катталды.
 
Шектүү Кыргызстандан 2020-жылдын февраль айынын башында чыгып кеткени белгилүү болду. 2020-жылдын 8-августунда Мамытбекке издөөдө жарыяланган.
 
Кечээ, 25-октябрда шектүү Кыргызстанга келген. Аны Биринчи Май РИИБнин кызматкерлери кармап, милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter