У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мораторий алынды… Тамак-аш сатуучу жайлар текшерилет


Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери өлкөдөгү тамак-аш сатуучу жайларды текшере баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
 
Кыргыз өкмөтүнүн республикада "Ишкердик субъектилерди текшерүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" 2018-жылдын 17–декабрындагы токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.
 
Өзгөртүүгө ылайык, тамак-аш азыктарын (сактоо, ташуу, жүзөгө ашыруу) өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерде Кыргыз Республикасынын тамак аш коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарын сакталышын текшерүүгө мораторий алынды.
 
Бишкекте катталган азык-түлүктөн массалык ууланууга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter