У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шашылыш билдирүү:1-4 октябрда суук болуп, тоолорго кар жаайт


Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1 -октябрдан 4 -октябрга чейинки мезгилде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил -мезгили менен жаан жаап, тоо этектериндеги райондордо, тоолуу райондордо карга айланат. 
 
2 -октябрда күндүз жана 3 -октябрда кээ бир райондордо жаан -чачын катуу жаайт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
 
2-3-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй өрөөнүндө 5...10 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 4...9 градуска чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 9...14 градуска чейин, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык зонасында 4...9 градуска чейин, тоолуу райондордо 0...-5 градуска үшүк болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter