Терезеден кулап кеткен. Анталияда 18 жаштагы кыргызстандык жигит каза болду
- 15.10.2021, 18:14,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
18 жаштагы кыргызстандык Анталияда (Түркия) терезеден кулап каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, жигит 13-октябрда күнү көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынын терезесинен кулап кеткен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Операцияга карабай, жигит бүгүн эртең менен каза болду.
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу маркумдардын жакындарына жардам көрсөтүүдө.