У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМКнын атын жамынып акча талап кылган жаран кармалды


 Ысык-Көлдө УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Ал өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп, ишкерлерден акча талап кылган. Анын жанында УКМКнын жасалма документи болгон. 
 
«20-сентябрда Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлерине Чолпон-Атадагы дарыканалардын биринде белгисиз адам УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, акча талап кылганы тууралуу ыкчам билдирүү түшкөн. Ал дарыканадан 5 миң сом талап кылып, акчаны алып кеткен», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
 
Аталган факт Ысык-Көл РИИБде КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси («Документтерди жасоо») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
 
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттердин негизинде өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери катары тааныштырган Чүй облусунун 34 жаштагы жашоочусу кармалган. Ал Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter