У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ахмат Бакиевдин кызы Түркияда депутаттын уулуна турмушка чыкты

 
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Ахмат Бакиевдин кызы Алмаш Түркиянын Мугла шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Метин Эргундун уулу Ильтериш Эргунга турмушка чыкканы айтылды. Бул маалыматты анын туугандары 24.kg маалымат агенттигине тастыкташкан.
 
Туугандарынын билдиргенине караганда, тойго Курманбек Бакиев да, Ахмат Бакиев да катышкан эмес. Тойдо кыздын башка туугандары болгон. Алмаш Ахмат Бакиевдин кызы. Ал Түркияда иштейт. Той Анкарада өттү.
 
Айрым түрк маалымат каражаттары Алмаш Бакиева менен Ильтериш Эргундун үйлөнүү тою тууралуу жазышты.
 
Алардын маалыматы боюнча, жаңы үйлөнгөндөрдү Анкаранын мэри Мансур Яваш жана IYI партиясынын төрагасы Мерал Акшенер, Республикалык Элдик партиясынын төрагасы Кемал Кылычдароглу жеке куттукташкан.

 
Булак: 24 kg.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter