Министрлик: Мектепте акча чогулткан мугалимдер жазаланат
- 13.09.2021, 14:33,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мектептерде акча чогулткан мугалимдер жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгын башчысы Марат Усеналиев 13-сентябрда маалымат жыйында билдирди.
«Эгер мугалимдер акча чогултса, аларды жоопкерчиликке тартабыз», -деди ал.
Ошондой эле Усеналиев акча чогултуу фактылары болсо сотко, милицияга кайрылуу керектигин, министрликке болсо китептердин жетишсиздиги, мугалимдердин сабак өтпөй жатканы сыяктуу маселелер менен кайрылуу керектигин айтты.