У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Орозалиев: "Бир-эки күндө коронавирустун инкубациялык мезгили аяктайт"


⠀Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 3-апрелде түштөгү онлайн брифингде элди сабырдуу болуп турууга чакырып,  алдыдагы бир жума үйдөн таптакыр чыкпай турууга үндөдү. Анын айтымында бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт. 
 
 «Урматтуу шаар тургундары, жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоого суранабыз», - дейт Орозалиев. 

 Оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 күн, Кыргызстанда коронавирус боюнча алгачкы учур 18-мартта катталган. Учурда өлкөдө 130 адамдан коронавирус аныкталып, 1 адам каза болуп, 5 адам айыкты.
 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter